Түштүк Кореяда сот Эпл, Самсуңдун айрым жабдыктарына тыюу салды. Сот аталган компаниялардын экөөсү тең уюлдук телефон жасаганда, бири-биринин патенттерине шек келтирген деп тапты. Сот ошондой эле Эпплдин Айпад такта-компютери, Айфон – уюлдук телефону менен катар Самсуңдун Галакси телефонун сатууга айрым чектөөлөрдү киргизди. Дүйнөдөгү эң ири акыл-телефон чыгаруучу эки компания учурда 10 чакты өлкөдө соттошуп жатышат.