Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Кыргызстанда ажы башчылары тандалууда


Бүгүн Кыргызстан диний мусулмандар башкармасынын ажылык жана умра бөлүмү менен республикалык штабынын башчысы аймактагы казылар тарабынан сунушталган талапкерлердин ичинен 90 ажы башчыны тандайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ажылыкка быйыл Кыргызстандан 4500 зыяратчы барат. Ар 50 кишиге бир ажы башчы шайланат. Муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов ажы башчылары англис же араб тилин билиши шарт экенин айтат:

- Ажыга баргандардын көбү биринчи ирет бараткандар. Ошондуктан аларга жол көрсөтө турган бирөө болуш керек. Ал жакта ажылыктын сөзсүз аткарыш керек болгон шарттарын да айтып туруш керек.

Ажылык сапар октябрь айында башталат. (AKu)

XS
SM
MD
LG