Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Кара-Буурада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду


Талас облусунун Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айылында 25-августта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы болду.

Ушул эле күнү аталган райондун Чолпонбай айылында Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 90 жылдыгына, эрдик жасагандыгынын 70 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт. Анда оюн-зоок, театрлаштырылган эпизоддор көргөзүлөт. Аймактан кабарчыбыз кабарлагандай, бул иш-чарага Орусиядан делегаттардын келиши күтүлүүдө.

Талас облусундагы иш-чаралар Кыргызстандын эгемендик күнүн утурлай башталды. (MbA)

XS
SM
MD
LG