Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Бирмада суу ташкыны күчөдү


Бирма өлкөсүндө бир нече күндөн бери тынбай жааган жамгырдан улам суу ташкыны күчөп, үй-жайын таштап качкандардын саны 85 миңден ашты. Өлкөнүн түштүк тарабындагы Иравади районунда жүз миңдеген эгин талааларын суу каптады. Бийликтер үйсүз калган жарандарын мектептерге жана чиркөөлөргө убактылуу жайгаштырууда. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана анын материалдык чыгымы тууралуу азырынча маалымат жок.

Бул аймакта 2008-жылы тропикалык шамал катталып, 138 миң адам набыт болуп, 2,4 миллион адам жабыркаган. БУУнун маалыматы боюнча, катуу шамалдан өлкө 4 млрд. доллар чыгымга учураган.

XS
SM
MD
LG