Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Беларус активисти Жаныш Бакиев коркутканын айтып чыкты


Беларустагы “Чындыкты сүйлө” деп аталган оппозициячыл уюмдун мүчөсү, активист Михаил Пашкевич кыргыз бийлиги издөө салган Жаныш Бакиевди өткөн аптада Минскидеги кымбат ресторандардын биринде сүрөткө тартып, аны интернетке жайылтып жиберген болчу. Ушундан улам Кыргызстан Беларустун Тышкы иштер министрлигине эл аралык издөөдө жүргөн Жаныш Бакиев боюнча нота жөнөтүп, Беларустагы элчи Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн Бишкекке чакыртып алган. Пашкевич тарткан сүрөт бир нече ММКларга да жарык көргөн. Ал анын айынан белгисиз бирөөлөр артынан түшүп, кечээ кечинде кафеде отурган жеринде “Бакиевден салам” деген билдирүү кат алганын айтып, каттын сүрөтүн да интернетке жарыялады.

Михаил Пашкевич окуя кандайча болгонун “Азаттыкка” баяндап берди:

- Кафеге сүйлөшкөн кызым менен келип отурсам дароо официант мага кайрылып, “Сиз Михаилсизби?”- деп сурады. Ооба десем кол аарчы (салфетка) берди, ачып карасам эле “Бакиевден салам” деп жазылып турат. Муну эми Бакиевдер жасадыбы же Беларустун атайын кызматтары кылдыбы мен айта албайм. Бирок менин артыман белгисиз автоунаа ээрчип алчу болду. Бул эскертүүнү мен “Михаил, унчукпай жүр” дегендей кабыл алдым.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев 2010-жылдын апрелинде Бишкекте бийликке каршы митингге чыккан токсондой адамдын атып өлтүрүлүшү боюнча айыптуу деп издөөдө жүрөт. Аны Интерпол да издеп жатат.

XS
SM
MD
LG