Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү

25-27-августта кар менен мөңгүнүн тез эришине жана нөшөр жаанга байланыштуу республиканын бийик тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы

26-августта түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ысык-Көл облусунда жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32;
Талас облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31; Баткенде түнкүсүн +14...+19, күндүз +27...+32 градус;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33; Ысык-Көлдө түнкүсүн +8...+13, чыгыш тарабында +4...+9, күндүз +19...+24; Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +20...+25; Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз +7...+12 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +29...+31 градус болот.

Бүгүн (25-августта) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22 градус жылуу болду.

XS
SM
MD
LG