Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Бишкекте кыз-келиндердин футболдук мелдеши өтүүдө


Бүгүн Бишкекте Мексикада өтө турган аялдар арасындагы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган Кыргызстандын кыздар командасына каражат топтоо максатында кайрымдуулук мелдеши өтүп жатат. Анда Бишкек шаарынын жана Чүй обулусунун кыздар командалары беттешүүдө.

Мехико шаарында 6-октябрдан 14-октябрга чейин кыз-келиндер арасындагы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Кыргызстандын көчө футбол боюнча кыздар командасы 6 ирет дүйнө чемпионатына катышкан.

Учурда Бишкекте кыз-келиндердин футболун даңазалоо аркылуу аялдарга болгон зомбулукту азайтууга багытталган социалдык долбоор иштеп жатат. Аны Кыргызстан футбол федерациясы менен "Сезим" кризистик борбору алып барууда. (KM)

XS
SM
MD
LG