Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Президент коалиция түзүү мандатын эртең тапшырат


Алмазбек Атамбаев дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештеги фракциялардын бирине коалицияны түзүү боюнча мандатты тапшырат. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев “Азаттыкка” билдирди.

Нарымбаевдин айтымында, мыйзам боюнча коалиция тараган соң президент мындай милдетти өзү тандаган фракцияга үч жумушчу күндүн ичинде тапшырышы керек. Бул мөөнөт дүйшөмбү күнү аяктайт. Учурда коалиция түзүү мандаты кайсы фракцияга берилери да талкууланып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

22-августта “Биримдик” коалициясы өз ишин токтотконун коалициянын башчысы, “Республика” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жарыялаган. Былтыр декабрда “Ата Мекен”, “Ар-Намыс”, “Республика” жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан 21-22-август күндөрү “Ар-Намыс” менен “Ата Мекен” чыгып кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG