Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Сирияда ишемби күнү 300дөн ашуун адам мерт кетти


Активисттердин эсеби боюнча, бул күн Сирияда жаңжал башталган 18 айдан бери эң кандуу күн болду. Эң кандуу кармаш Дамасктын түштүк-батыш бөлүгүндө болуп, анда өкмөттүк күчтөр козголоңчулар ээлеген жерлерге чабуулга өтүшкөн. Сириянын борборунун айланасынан 200дөн ашуун курмандыктардын сөөгү табылды.

Дарай аттуу чакан шаарда эле атышуулардан 23 жайкын жаран мерт кетти. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар. Дагы ондогон адамдар Алеппо менен Идлебедеги салгылашууларда каза болушту. Анда өкмөттүк аскерлер ракеталык ок атуулар менен катар тик учактар жана танктарды пайдаланышкан.

Жаңжал башталгандан бери сириялык укук коргоочулардын эсебинде, 22 миңден ашык адам мерт кетти.

XS
SM
MD
LG