Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

4 кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында коло байге алды


Азербайжандын борбору Бакыда өтүп жаткан уландар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 4 балбан коло байгелүү болушту. Бул тууралуу чемпионаттын расмий сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, 46 кг. салмактагы Балбай Дардаков, 58 кг. салмакта Бек Конурбаев , 69 кг. салмакта Атабек Азизбеков жана 54 кг. салмакта Руслан Тейишов коло байгелүү болушту. Ал эми калган 5 балбан байгелүү орундарга илинген жок.

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 21-августта башталган. Ага дүйнөнүн 39 өлкөсүнөн балбандар катышууда. Буга чейин өткөн эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионатта балбандар медал ала алган эмес.(BkA/KMa)

XS
SM
MD
LG