Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Жакынкы күндөрү "Кристалл" заводу сатылат


Австралиялык “Riche KG” компаниясы менен “Кристалл” заводун сатуу боюнча келишим каралат. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин банкрот иштери боюнча департаментинин директору Болсунбек Казаковдун айтымында, алдыдагы 1-2 күндүн ичинде келишимге кол коюлат.

Австралиялык “Riche KG” компаниясы заводду 4,5 миллион долларга сурады. Андан сырткары 1 миллион доллар аймакка грант берет жана заводго 85% жергиликтүү жумушчулар алынат. “

"Заводду мурда айтылгандай 6 миллион эмес, 4,5 миллион долларга берүүгө макул болдук, анткени экспертиза техникасынын такыр жараксыз экенин көрсөттү” Болсунбек Казаков. Ал завод жеке менчик жана мамлекетке карыз экендигин кошумчалады.

- Заводдун мамлекетке 180 миллиондой карызы бар. Ошону мамлекеттин бюджетине салып, андан сырткары иштеткенге 300 миллион доллардан кем эмес инвестиция саласың деп жатабыз.

Таш-Көмүр шаарында жайгашкан жарым өткөргүчтөрдүн “Кристалл” заводу курулуп жатканда кубаттуулугу жылына 660 тонна деп пландалган. (AKu)

XS
SM
MD
LG