Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Венесуэледа заводдогу жарылуудан кийинки өрт уланууда


Фалькон штатында нефть иштетүүчү заводдо 41 киши набыт, 80ден ашуун адам жарадар болгон ишембидеги жарылуудан кийин башталган өрт дагы эле өчө элек. Амуай шаарына чукул жердеги завод дүйнөдөгү эң чоң нефть иштетүүчү жайлардын бири деп саналат. Жарылуунун себебин куурдан чыккан газдан көрүшүүдө. Учурда завод токтоп турат.

Президент Уго Чавес өлкөдө 3 күн аза күтүү жарыялады. Энергетика министри Рафаэл Рамирес венесуэлалыктар үчүн отун тартыштыгы болбой тургандыгын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG