Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

Чечен бийликтери Ингушетия менен чек ара орнотууну көздөйт


Чечен жумуриятынын жетекчиси Рамзан Кадыров Чеченстан-Ингушетия ортосунда административдик чек аранын зарылдыгын билдирди. Грозныйда өткөн жыйында Кадыров жакынкы учурда маселени федералдык деңгээлде талкууга сунуштаарын айтты.

Президент Кадыров ингуш жетекчилер Чеченстанга тиешелүү жерлерди тартып алып жатканын, андыктан федерациянын 2 субъектисинин ортосунда так белгиленген чек ара болуусу шарттыгын белгиледи.

Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров эки жумурияттын ортосунда чек араны белгилөө эбак бышып жетилгенин айтат.

Мурдагы Чечен-Ингуш автоном республикасы 1992-жылы Ингушетия жана Чеченстан жумурияттарына ажыраган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG