Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Мыйзамсыз иштеп жаткан эки кумаркана табылды


Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы атайын иликтөөнүн негизинде Чүй облусундагы Москва районунда кумар оюндарын мыйзамсыз сунуштап жүргөн эки жайды аныктады. Тинтүү маалында оюн автоматтарына туташтырылган тармак жана бир электрондук рулетка табылган. Оюн залындагы оператор-эсепчиден мурда атайын порошок себилген 10 миң 600 сом алынган. Маалыматка ылайык, бул жай Интернет клубдун атын жамынып алып иштеп жаткан. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Ушул жылдын башынан тарта Кыргызстанда кумарканалардын ишине расмий тыюу салынган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG