Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

КСДП техникалык өкмөт түзүүгө ниеттенүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады. Анын айтымында, КСДП мурдагы өкмөттүн жакшы иштерин улап кете турган техникалык өкмөт түзүүгө аракет кылууда. Ушул убакытка чейин “Республика” фракциясы менен жолугушуу болду. Калган бардык фракциялардын жетекчилери менен жолугушуу бүгүнкү күнгө белгиленген. Ал эми премьер-министрлик кызматка ким келери да жолугушууларда талкууланмакчы.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү мандатын Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG