Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Абдиев: Прокурорду токтоткондор куугунтукка кабылууда


Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Салянованын унаасын токтоткон жол-көзөмөл кызматкерлеринин адвокаты Токтогул Абдиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Абидевдин айтымында, жол көзөмөл кызматкерлерине каршы кылмыш иши Салянованын тапшырмасы менен ачылып, ал эми жан сакчысы күбө катары да, жабырлануучу катары да суракка келбей жатат.

7-августта чак түштө жол коопсуздугун күзөткөн кызматкерлер айнектери караңгылатылган ак түстөгү Лексус үлгүсүндөгү жипти тоскондо токтобой, инспектор тапанча чыгарганы кабарланган. Ички иштер министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасы Александр Лейтиндин “Азаттыкка” билдиришинче, “Лексустун” айдоочусу инспекторлорго баш ийбей качып бараткан. ИИМ кызматтык иликтөөсү баш прокурор Аида Салянова кетип бараткан унаанын номери башка машинеге таандык экенин, эмгек өргүүсүндө жүрсө да жанына куралчан күзөт алып жүргөнүн аныктаган.

Башкы прокуратура кызматынан аша чаап, куралды мыйзамсыз колдонду деп айыптап жол көзөмөл кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгогон. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG