Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Тажикстанда орус базасына жакын жерде жарылуу болду


Артиллериялык снаряд Орусиянын Тажикстандагы аскерий базасынын сынак жайына жакын жерден жарылган. Кабарларга караганда, снарядды талаада иштеп жүргөн өспүрүмдөр таап алган. Анын жарылуусунан он жаштагы бир өспүрүм каза таап, дагы эки өспүрүм жаракат алган.

Тажик маалымат каражаттары талаада жарылган снаряд Орусиянын аскерий базасынан келген болушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Тажикстандагы орус аскерий өкүлдөрү бул жоромолду четке какты. Жарылуу боюнча учурда тергөө башталды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG