Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

“Ата-Журт” коалицияга кошулууга даяр


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Садыр Жапаров коалициялык көпчүлүктү түзүү мандатын алган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушкандан соң билдирди. Жапаровдун айтымында, фракция коалициялык өкмөт түзүүнүн шарттарына карап жыйынга чогулат.

Жапаров “Ата-Журт” техникалык өкмөт түзүүгө макул эместигин да кошумчалады.

- Камчыбек Ташиевдин премьер-министр боло турган ниети бар. Бирок фракция аны талкуулай элек. Эгер фракцияда көпчүлүк аны колдосо анын талапкерлигин сунуштайбыз, - деди Жапаров.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мурдагы өкмөттүн жакшы иштерин улап кете турган техникалык өкмөт түзүүгө аракет кылып жатышканын “Азаттыкка” билдирген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG