Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

АКШ: океан жээгиндеги төрт штат ураганга даярданууда


Өзгөчө абал Луизиана, Миссиссипи, Алабама жана Флорида штаттарында жарыяланды. Мындан улам Республикалык партия президенттик шайлоо алдындагы курлтайынын ачылышын бир күнгө артка жылдырды. Курултай Флоридадагы Тампа шаарында өтмөк.

“Айзек” деп аталган тропикалык бороон эртең же бүрскүнгө барып, Флорида жана Луизиана штаттарынын ортосунда экинчи категориядагы ураганга айланары күтүлүүдө.

Мындан улам Маямиде жана Флориданын түштүгүндөгү башка аэропорттордон жүздөгөн аба каттамдар токтотулду. Алты миңден ашуун адам электр жарыгысыз калды. Мексика булуңунда мунай жана газ өндүрүү кыскартылды.

Мындан жети жыл илгери, 2005-жылдын 29-августунда Катрина ураганы Луизиана штатынын Нью-Орлеан шаарына сокку урганда 1800дөн ашуун киши каза таап, шаар миллиарддаган доллар зыян тарткан. (UE)

XS
SM
MD
LG