Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Укук коргоочу Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына жатып алды


Бүгүн жарандык активист, “7-апрель” кыймылынын лидери Өндүрүш Токтонасыров Белорустун Бишкектеги элчилигинин алдына жатып алды. Ал Беларус Бакиевдерди Кыргызстанга бербегени үчүн элчиликтин ишин токтотууну талап кылууда. Ошондой эле ал белорустук активист Михаил Пашкевичти колдой турганын “Азаттыкка” билдирди. Токтонасыровдун айтымында, элчиликтен эч кандай реакция болгон жок. Ушундай эле акция эртең да уланат.

Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскидеги кымбат ресторандардын биринен чыгып баратканда сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жиберген беларус активисти Михаил Пашкевич “Бакиевден салам” деген коркутуу катын алганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG