Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

"Бүтүн Кыргызстан" элдик өкмөт түзүүнү сунуштады


Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу тараткан билдирүүсүндө белгиленген. Билдирүүдө азыркы принциптер менен жаңы өкмөт түзүү аракети жакшы натыйжа бербей тургандыгы айтылган. "Өлкөдөгү коомдук-саясий абал курчуп кетпеши үчүн “Бүтүн Кыргызстан” президенттик башкарууга кайтып, элдик өкмөт түзүүнү сунуштап жатат. Ал үчүн парламентке келген партиялардан жана партияга кирбеген жарандардан турган кеңири коалиция түзүлүшү зарыл. Элдик өкмөт түзүүнүн негизги шарты – элдин алдындагы жоопкерчилик жана профессионалдуулук болушу керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков мурдагы өкмөттүн жакшы иштерин улап кете турган техникалык өкмөт түзүүгө аракет кылып жатышканын “Азаттыкка” билдирген. Бирок техникалык өкмөт кандай шартта куралышы мүмкүн экени толук ачыкталган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG