Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Кытайда жапон элчисинин унаасына кол салынган


Жапон расмий өкүлдөрүнүн бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Бээжинде бир адам Жапониянын Кытайдагы элчисин салып бара жаткан унаадан жапон желегин жулуп алган. Окуя учурунда элчи жабыр тарткан эмес.

“Киодо” агенттиги жапон өкмөтү Кытайдын тышкы иштер министрлигине бул окуяга байланыштуу "катуу нааразылык" билдиргенин кабарлады.

Жапон элчисинин унаасынан жапон желеги Кытайда жакында Жапонияга каршы өткөн демонстрациялардын артынан жулунуп олтурат.

Талаш Чыгыш Кытай деңизиндеги жапондор Сенкаку, кытайлар Дяоюйтай деп атаган аралга болгон менчик укугуна байланыштуу чыгууда. Ушул ай башында кытайлык беш активист Жапония көзөмөлдөгөн, бирок эч ким жашабаган аралга барганда, жапон полициясы камакка алып, аларга кошо бирге жүргөн тогуз адамды да депортациялаган. Бул окуя эки өлкөнүн мамилесинде чыңалуу жараткан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG