Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Санкт-Петербургдагы мушташтан кыргыз жараны мерт болду


Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург боюнча башкармалыгынын интернет сайтындагы маалыматта айтылат. Бирок каза тапкан жарандын ысымы аталган эмес. Расмий маалыматта көргөзүлгөндөй, киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү Москва проспектисинде, “Макдональдс” ресторанынын артынан 26-августта табылган.

Тергөө 26-августта Кыргызстандын эки жараны аталган даректе спирт ичимдигин ичип олтурушкан кезде жаштардын тобу менен чатакташып, арты мушташка айланганын аныктаган. Мушташ учурунда Кыргызстандын бир жаранынын баш сөөгү сынып, каза тапкан. Экинчиси ооруканга түшкөн, абалы канааттандырарлык.

Санкт-Петербургдун тергөө башкармалыгы ырастагандай, учурда иши козголуп, бул кылмышка катышы барлар изделүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG