Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

Бабанов Болот Шерге жооп кайтарды


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шердин кайрылуусуна жооп берди. Бабанов Болот Шердин кайрылуусун окуп, дыкат таанышып чыккандыгын белгилеген. Ошондой эле 2010-жылы 7-апрелден кийинки талап-тоноочулукка айрым "атамекенчи" депутаттардын катыштыгы бар-жогу тууралуу акыркы сөздү сот органдары айтышы керектиги айтылган.

Кечээ Болот Шер маалымат жыйынын өткөрүп, 2010-жылы апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулукка тиешеси бар экени далилденсе өзүн өзү атып салууга даяр экенин билдирген болчу. “Эгер күнөөмдү далилдей албаса, анда экинчи окту Бабанов өзүнө пайдалансын”, - деген Болот Шер ок салынган конвертти Бабановго жөнөтөөрүн айтып жатып.

Бишкектеги №1 тергөө абагында талап-тоноочулук боюнча шектелип камакта отурган Абдулла Юсупов "атамекенчи" депутаттар Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Болот Шердин көрсөтмөсү менен мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык үй-мүлктү, буюм-тайымды тоногонун айтып чыккан. “Ата Мекендин” депутаттары анын айткандарын төгүнгө чыгарууда. (КE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG