Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча маалымат берилип турат


Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко бүгүн элчиликтин алдына митингге чыккандар менен жолугушту. Укук коргоочу, “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтотасыровдун “Азаттыкка” айтымында, элчи Бакиевдерди Кыргызстанга эстрадициялоо иштери кандай жүрүп жатканы боюнча ар бир үч күндө “Ала-Тоо” жана Мекен шейиттери” бирикмелеринин өкүлдөрүнө маалымат берип турмай болду. Элчи бул маселе Беларустун өзүндө да кызуу талкууланып жатканын билдирди. “Мен элчинин мындай жообуна ишенбейм. Бул кезектеги жомок. Элчилик жалпы сөздөр менен элди жооткотуп жатат”, - деди Токтонасыров.

Беларус Бакиевдерди Кыргызстанга бербегени үчүн бүгүн элчиликтин ишин токтотууну талап кылып митингге чыккан “Мекен Шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин 60ка жакын өкүлдөрү элчиликтин айнектерин таш бараңга алды. Митингчилер менен тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов сүйлөшүп, элчи менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Денискенко менен аталган эки бирикменин бирден өкүлү жолугуп чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG