Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

“Республика” өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтпөйт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын төрага орун басары Курманбек Дыйканбаев кабарлады. Бирок алар азыркы өкмөттүн реформаларын, жасаган ишин улап кетүүсүн талап кылышат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов “Республика” фракциясынан чыккан. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициядан “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары чыгып кеткен соң президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен өкмөт кызматтан кеткен.

Жаңы коалиция түзүү жоопкерчилиги Социал-демократтарга берилип, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буга чейин премьерликке “Ата-Журт” фракциясы Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин көрсөткөнү айтылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG