Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Беларус Кыргызстандын ишенимдүү өкүлүнө эскертүү берди


Беларустун Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын ал жактагы ишенимдүү өкүлү Дмитрий Ли чакыртылып, эскертүү берилди. Ли Белорустун Бишкектеги элчилигинин алдындагы окуяга байланыштуу чакырылгандыгын “Азаттыкка” аталган өлкөнүн ТИМинин маалымат катчысы Мария Ваньщина билдирди. “Ага дипломатиялык өкүлчүлүктү жана андагы кызматкерлердин коопсуздугун сактоо үчүн чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча катуу эскертүү берилди. Беларус тарап элчиликтин имаратын ишенимдүү коргоп берүүгө чакырды”, - деди Ваньщина.

Бүгүн түшкө маал Беларус Бакиевдерди Кыргызстанга бербегени үчүн элчиликтин ишин токтотууну талап кылып митингге чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин 60ка жакын өкүлдөрү элчиликтин айнектерин таш бараңга алды.
Бул уюмдарды 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларда жабыр тарткандар жана жакындарынан айрылгандар түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG