Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Израил соту америкалык тынчтык орнотуучунун өлүмү боюнча чечим чыгарды


Сот Израил мамлекетин америкалык тынчтык орнотуучу Рейчел Корринин өлүмү үчүн күнөөлүү эмес деп тапты. 23 жаштагы Рейчел Корри 2003-жылы Газа тилкесинде мерт болгон. Буга чейин Израил өкмөтү бульдозердин алдында тебеленип калган кыздын өлүмүн кырсык деп билдирген. Бирок АКШ Израил өкмөтүнөн бул окуяны толук иликтөөнү талап кылган. Рейчел Корри палестиналыктардын үйлөрүн түрттүрүүнү токтотуп калууга аракет кылып жаткан учурда бульдозер аны тебелеп кеткен. Ал Газа тилкесине Эл аралык тилектештик кыймылынын активисттер тобу менен келген эле.

XS
SM
MD
LG