Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Арктикада муз өтө тез эрип жатат


Америкалык NASA аэрокосмостук агенттигинин билдиришинче, 1979-жылдан берки жүргүзүлгөн байкоолор менен салыштырганда, быйыл муз абдан тез эрип жатат. Агенттик космостук спутниктерден алынган белгилерге таянып маалымат берүүдө.
Ага ылайык, арктикалык муз катмарынын аянты быйыл жайында 4 млн км2 бир аз гана ашыгыраак болгон.

Бул көрсөткүч сезонго карата өзгөрүп турат. Кышында муз аянты көбөйүп, жайында азайып турушу табигый көрүнүш. Бирок акыркы жылдары жайкы көрсөткүчтүн кадимкидей азайып баратканы байкалууда. Адистер муну глобалдык жылуулуктун натыйжасы экенин белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG