Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:29

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Жаңы коалиция түзүү мандаты тапшырылган Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” айтымында, коалиция жакынкы күндөрү түзүлөт. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда. Ушул тапта премьерликке талапкерлер көрсөтүлүп жатат. Маалыматка ылайык, өкмөт башчылык кызматка ондон ашуун адамдын аты аталууда. Алардан Амангелди Муралиев менен президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди аксакалдар кеңеши көрсөткөн. “Ата Мекен” фракциясы вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин карап жатат. “Ата-Журт” Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал эми КСДП бир талапкерге токтой элек.

КСДП фракциясына жаңы коалиция түзүү мандатын президент Алмазбек Атамбаев 27-августта тапшырган. Жогорку Кеңештеги бардык фракция лидерлери менен жолугушуу, сүйлөшүүлөр ушул эле күнү башталган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG