Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Кыргыз депутаттары АКШда


Жогорку Кеңештин депутаттары А.Сасыкбаева, А.Алтыбаева, У.Аманбаева, Г.Жамгырчиева жана А.Кочкорбаев АКШнын Демократиялык партиясынын курултайынын алкагында өткөрүлүп жаткан Демократиялык институттун лидерлеринин форумунун ишине катышат.

26-августта АКШга барган эл өкүлдөрү айрым штаттарда шайлоо алдындагы үгүт иштери менен таанышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Р.Жээнбеков, Д.Тербишалиев, Н.Арипов жана “Азаттыктын” орус тилиндеги сайтынын редактору А.Тынаев АКШга жөнөп кетишти. Бул топ Республикалык партиянын курултайы өтө турган Флорида штатына барат. Алар да үгүт иштери менен таанышат.

Ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG