Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

"Айзек" бороону Луизианага жетти


АКШнын Луизиана штатында бороон чапкын суу каптоо менен коштолууда. Жаңы Орлеандан ары түштүк тарапта жайгашкан райондордун биринде турак жай кварталдарды суу астында калды. Коргоочу дамбанын деңгээлинен суу ашып түштү. Маалыматтарга караганда, бороон башталардын алдында бул аймактын тургундарынын көпчүлүгү эвакуацияланган. Азыр жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ылдамдыгы 130 километр саатка чейин жеткен бороон чапкын акырындап Жаңы Орлеанга бара жатканы кабарланууда. Ал жакта жаратылыш кырсыгы менен күрөшүү үчүн улуттук гвардия жана полиция кызматкерлеринин кошумча бөлүктөрү жайгашкан.

Жети жыл мурун Жаңы Орлеанда "Катрина" бороону 1800гө чукул кишинин өмүрүн алып кеткен.

Штаттын бийлиги кырсыктан кийин суу каптоолордон сактоочу жаңы дамбаларды курган. Шамал Миссисипи штатына да коркунуч келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG