Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Токтонасыров Беларус элчилигинин алдындагы акциясын улантты


Укук коргоочу, “7-апрель” кыймылынынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Бакиевдерди Кыргызстанга өткөрүп беришин Беларус бийлигинен талап кылууда. Токтонасыров бул ирет нааразылык акциясына кара кездеме жабынып, кара көз айнек тагынып, шайтандын образында чыкты. Укук коргоочу муну менен “силерде да ушундай окуя болуп кетсе эмне кыласыңар, тынч митингге чыккандарга көңүл бургула” деп эскерткиси келет. Анын Бакиевдер экстрадиция кылынбаса Беларустун Бишкектеги элчилиги ишин токтотсун деген талабы да бар.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына нааразылыкка чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан. Элчилик милицияга кайрылып, тартип бузгандарга чара көрүүнү суранган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG