Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Беларус элчилигинин алдындагы окуя боюнча иш козголду


Беларус элчилигинин алдындагы окуя боюнча Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Учурда окуя боюнча видео материалдар чогултулуп, тергөө, иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлеткелдиева “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, милицияга тартип бузгандарга чара көрүүнү суранып, элчи Виктор Денисенко өзү кайрылган.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына Бакиевдерди эстрадициялоону талап кылып нааразылыкка чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG