Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Бишкекте эт саткан аял күйдүргү дартына чалдыкты


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы айда 3 адам күйдүргү оорусу менен катталган. Алардын бирөө Бишкектеги Ош базарында эт алып-сатып иштеген аял, экөө Чүй облусунун тургундары. Эт саткан аял 27-августта ооруканага жаткырылды.

Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун маалыматына караганда, Кыргызстанда июль айынын соңунан ушул убакка чейин күйдүргү менен шектелип 9 адам ооруканага жаткырылган. Алардан бешөөнүн дарты лабораториялык текшерүүдө аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG