Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Сирия Бейтарап мамлекеттер кыймылынын саммитинде көңүл чордонунда


Тегеранда бүгүн Бейтарап мамлекеттер кыймылынын саммити ачылды. Анда сөз сүйлөгөн Египеттин президенти Мохаммед Мурси Башар Асаддын режимин сындап, Сириядагы кан төгүүнү токтотууга активдүү түрдө киришүү зарылдыгын билдирди. Бирок ал ошол эле учурда демократияга өтүү процесси тынчтык жолу менен болушу керектигин эскертти. Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменейи саммитте Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселеге токтолду. Ал Иран өзөктүк курал алууга умтулбаганын, өлкө атом энергиясы тармагында иштөө укугун пайдаланып жатканын белгиледи. Саммиттин иши эки күнгө созулат. Анда ири согуштук жана саясий блокторго катышы жок 30га чукул өлкөнүн лидерлери катышып жатат. Форумга БУУнун баш качысы Пан Ги Мун конок катары келди.

XS
SM
MD
LG