Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

АКШ: Республикачылардан вице-президенттикке талапкер сөз сүйлөдү


Республика партиясынан АКШнын вице-президенти кызматына талапкер болуп жаткан Пол Райан Флорида штатындагы съездде эгер Митт Ромни президент болуп шайланып калса, акыйкат салык системасынын негизинде жаңы жумушчу орундарды түзө турган өкмөт кураларын билдирди. Ал Барак Обаманын администрациясынын саламаттыкты сактоо жаатындагы саясатын кескин сындап, бул боюнча талкуулар алдыда экендигин айтты. Ошондой эле азыркы администрациянын экономикалык саясатын сындап, Обама экономиканы стимулдаштыруу үчүн көрүлчү чаралардын топтомун сунуш кылган учурда эле кыйынчылыктар сезиле баштаганын белгиледи. Анын пикиринде, мунун өзү экономиканы жөнгө салуунун ордуна карызды көбөйткөн. Байкоочулардын айтымында, Район өзүн мыйзам менен жакшы тааныш жана салмактуу саясий чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү киши катары көрсөтүүгө аракет кылды.

XS
SM
MD
LG