Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Бишкекте казакстандык укук коргоочуну колдогон митинг өтүүдө


Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратынан алдына казакстандык укук коргоочу Александр Осадченкону колдоп, үч киши митингге чыкты. Жактоочулардын бири Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар Башкы прокуратурадан Бишкек шаардык сотунун 28-августтагы чечимин аткарып, Осадченкону камактан чыгурууну талап кылышууда.

Башкы прокуратура биздин арызды да, Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсүн да алышкан. Алар Осадченкону бошоткондон коркуп жатышат”, - дейт Трофимов.

Ушул тапта прокуратуранын имаратына казакстандык укук коргоочунун адвокаты Елена Ткачева кирип кетти.

Маалыматка ылайык, Казакстанда Осадченко “көз бойомочулук кылууга аракет жасады” деп айыпталып, кылмыш иши козголгон. 10-июнда укук коргоочу Бишкекте Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнүн көмөгү менен кармалган. Бирок анын жактоочулары Осадченко Казакстандын Жаңы-Өзөн окуялары тууралуу билдирүүлөрү үчүн куугунтукталып жатканын айтышкан.

Александр Осадченко Бишкектеги биринчи тергөө абагында кармалууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG