Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Маңзаттан көз карандылар реалити-шоуга тартылат


Профессор Жеңишбек Назаралиевдин медициналык борборунда Doctor Life аттуу реалити-шоу тартылат. Дүйнөнүн ар тарабынан келген маңзаттан көз каранды 8 катышуучунун дарылануу күндөлүгү дүйнөлүк “Разум вне наркотика” лигасынын интернет сайтында көрсөтүлүп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган лиганын директору Денис Потоцкий билдирди.

Бейтаптардын дарылануу этабы, дарыгер Жеңишбек Назаралиевдин жеке медициналык ыкмасы толугу менен көрсөтүлөт. Учурда долбоорго катышууну каалагандар арасында тандоо жүрүп жатат.

Долбоордун автору Жеңишбек Назаралиевдин айтымында, телепрограмманын максаты – коомчулукта маңзаттан көз карандылар тууралуу пикирди өзгөртүү. Маңзаттан көз каранды адамдар, алардын жакындары тажрыйбасын, дарылоонун жыйынтыгын толук, ачык айтып беришет.

Иш-чара “Разум вне наркотика” лигасынын маңзатка каршы 50 жылдык долбоорунун алкагында, Жеңишбек Назаралиевдин 25 жылдык иш тажрыйбасына арналып уюштурулууда.

Реалити-шоунун биринчи бөлүгү 12-сентябрда doctorlife.tv сайтына чыгат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG