Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Бишкектин тургуну Түндүк электрди сотто утуп алды


Электр тогунун кубаттуулугунун азайып, кайра көбөйүшүнөн улам муздаткычы жарактан чыккан Бишкектин тургуну Түндүк электр ачык акционердик коомун сотто утуп алды. Мындай маалыматты “Вигенс” укуктук борбору Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Жабырлануучуга укуктук жардам көрсөттүк” деген борбордун маалыматына ылайык, сот Түндүк электрди күйүп кеткен муздаткычтын чыгымын төлөп берүүгө жана 300 миң сомго чукул каражат берүүгө милдетттендирди. (AKu)

XS
SM
MD
LG