Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

А.Акаев мекендештерин куттуктап, кемчиликтери үчүн кечирим сурайт


Экс-президент Аскар Акаев учурда Минскте баш калкалап турган Курманбек Бакиевди бийликке алып келгени - анын кадр саясатындагы башкы катачылыгы болгонун "Азаттыкка" курган маегинде айтты. Өлкөнүн туңгуч президенти өзүнүн бийлиги тушунда экономикалык, кадрдык жана саясий каталарга жол берилгендигин белгилеп, мекендештеринен кечирим сурады:

- Урматтуу кыргызстандыктар, ушул учурдан пайдаланып, жалпы кыргызстандыктардан ошол кезде болобу, кийинки мезгилде болобу, Кыргызстанга терс таасир эткен менден кеткен кемчиликтер үчүн кечирим суроого уруксат бериңиздер. Жалпы кыргызстандыктарга, кыргыз калкына тынчтык, биримдик каалайм.

Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарып, март ыңкылабында бийликти менчиктеп алды деген кине менен кулатылган жана Москвага качып кетүүгө аргасыз болгон.

2005-жылы Акаевден кийин өлкө башына келген мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиевдин режими 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта кулап, үй-бүлөсү менен Беларуска баш калкалап кеткен. Апрель окуясында Ак үйдөн атылган октон 80ден ашык жаран өлүп, 5 жүздөн ашууну жарадар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG