Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Улуттар Уюму Сирияга гуманитардык көмөктү көбөйтүүгө чакырат


1 жарым жылдан бери кандуу жаңжал уланган Сириядагы карапайым калкка гуманитардык жардамды көбөйтүү тууралуу Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Ян Элиассон бейшембиде Коопсуздук кеңешине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди.

Британ жана француз тышкы иштер министрлери Уильям Хейг менен Лоран Фабиус Сирияда качкындар үчүн коопсуз зоналарды түзүүгө катуу бөгөт коюлуп жатканын билдиришти. Бул жыйынга Кытай менен Орусиянын өкүлдөрү катышкан жок.

Сириянын өзүндө качкындар үчүн баш калкалоочу жай ачууга Түркия дагы чакырык таштады. Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан сириялыктардын көбү Түркияга өтүүдө.

Сириядагы адам укуктарына көз салган борбордун билдирүүсүндө бейшембиде Идлиб провинциясында өкмөттүк күчтөрдүн бомбалоосунан 20 киши өлдү.

Кечээ козголоңчулар өкмөттүк күчтөрдүн аскерий учагын атып түшүрүп, Идлиб шаарына көзөмөлдүк жүргүзө баштады.

XS
SM
MD
LG