Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Франкфуртта "Люфтганза" авиакомпаниясынын кызматкерлери иш таштайт


Франкфурт шаарында "Люфтганза" авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкерлери иш таштайт. Германиядагы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкерлердин профсоюзу (UFO) «Люфтганза» компаниясы эмгек маяналарды көбөйтүү жана кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртуу тууралуу сунуштарга макул болбогондон кийин иш таштоого чыгышты.

Германиянын башка шаарларында дагы мындай акцияларды өткөрүү пландалууда.
“Люфтанзанын” өкүлү болсо иш таштоонун айынан аба каттамдары кечеңдеп же учпай калышы дагы мүмкүндүгүн эскертти.

XS
SM
MD
LG