Президент Алмазбек Атамбаев 30-августта Бишкекте орусиялык “РусГидро” ачык акционердик коомунун төрагасы Евгений Дод менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, анда тараптар Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууну талкуулады.
Ушул айдын ортосунда Кыргызстанга Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов жана энергетика министри Александр Новак баштаган делегация келген. Анда тараптар энергетика, карыздар жана аскердик кызматташтык маселелери боюнча макулдашкан.
Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков анда ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөргө чекит коюлганын, тараптар Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСи каскадын курууда ар бир тарап теңме-тең ээлик кыларын “Азаттыкка” билдирген.
Макулдашууга ылайык, Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскады боюнча келишимге 15-сентябрга чейин кол коюлмакчы. Каскаддын пайдубалын түптөө ушул жылдын 1-ноябрында өтөт. (EBM)