Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Жалал-Абадда майрам башка стадиондо өттү


Эгемендик күнү облустук бийликтин имаратынын алдындагы Эркиндик аянтында оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу бул жылы салтанат Жалал-Абад шаарындагы сегиз боз үй тигилген Курманбек стадионунда өттү.

Мурдагы жылдардагыдай облустагы аскерлер жана күч уюмдары менен мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин парады өткөн жок. Элди өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов жана шаар мэри Бакыт Адылов куттуктады.

Төкмө акындар учурда митингдерди токтотуп, эл менен саясатчылардын да биримдиги зарыл экени, өлкө тынчтык болсо гана өнүгөрүн белгилешти.

Айрым тургундар жетекчилердин саябан жерде отурганына, көрүүчүлөр менен өнөрпоздор күн алдында калганына нааразы болушуп, майрам күндүз эмес, кечки салкында уюштурулса болмоктугун “Азаттыкка” айтышты. (YA)

XS
SM
MD
LG