Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Аукционду болтурбай койгондордун үчөө камалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын мүчөсү, айыпталып жаткандардын жактоочусу Мукар Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 4 адамды суракка алып, Ыргалай Бекмуратова, Кубат Токсобаев менен Асан Жакшыбекти эки суткага камады, ал эми Карыпбек Сереновду бошотту.

Шаардык милиция 28-августта Коомдук телерадио корпорациясынын түз эфиринде кендер тууралуу аукциондун үзгүлтүккө учурашы боюнча “бейбаштык” деген берене боюнча кылмыш иш козгогон. Бүгүн бул иш боюнча күнөөлүү деп шектелгендер сурала баштады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG