Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

БУУ Сирияга чукул арада гумжардам көрсөтүүгө чакырды


БУУнун баш катчысынын орун басары Ян Эллиассон июлда 820 миң сириялык жаранга гумжардам берилгенин, мындай жардамга талап улам өсүп жатканын билдирди.

Эллиассон Сириядагы гуманитардык кризис менен күрөш боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинде тышкы иштер министрлердин жыйынында сүйлөдү. Ал ошондой эле Сириянын аймагында качкындар үчүн коопсуздук тилкелерин түзүү маселеси боюнча жакын арада мунаса болорунан күмөн санап жаткандыгын билдирди.

Сирияда 17 ай мурда башталган кризистен бери дегенде 200 миң киши башка өлкөлөргө качты. Өлкөнүн өзүндө үч миллион киши тентип калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG