Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

“Ата Мекен” фракциясы премьер-министрликке талапкер тандоодо


Өкмөт башчылыкка талапкер тандоо үчүн фракция жыйынга бүгүн түштөн кийин чогулмакчы. Фракциянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, жыйында өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер талкууланат.

Мурдагы өкмөттү кураган “Биримдик” коалициясы бузулгандан кийин башкаруучу коалиция куроо мандаты парламенттеги Социал-демократтар фракциясына берилген. Аталган фракция өкмөт башчылыкка президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин көрсөтүүдө. Коалицияга кирүүгө макулдугун берген “Ар-намыс” фракциясы Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдогон .

“Ата Мекен” фракциясы премьер-министрликке өз талапкерин атай элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG