Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Жалал-Абад; Облус мектептери 269 мугалимге муктаж


Облус мектептерине айрыкча кыргыз тили жана адабияты, чет тилдери, химия, физика, математика жана орус тилдүү мектептердин мугалимдери жетишсиз болууда. Алардын орду быйыл жогорку окуу жайларын келишимдик негизде жана педагогикалык орто окуу жайларын аяктаган бүтүрүүчүлөр менен толукталарын, мектептердин мугалимдер менен камсыздалышы тууралуу толук маалымат жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү 15-20-сентябрдан кийин кабарлаган соң айкын болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG