Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Бабанов: Коалиция айрым саясатчылардын кызыкчылыгына садага чабылды


Мындай пикирин Өмүрбек Бабанов мекендештерине бүгүн жолдогон кайрылуусунда билдирген. Мурунку премьер-министр өкмөт курамын бат-бат алмаштыруудан мамлекет эч кандай пайда таппастыгын белгилеп, "өкмөт туруктуу жана майнаптуу иштеп, көзгө көрүнөрлүк натыйжага жетиши үчүн саясатчылар мурда кол коюлган келишимдерди бекем сактоого үйрөнүшү керек" деген пикирин билдирген. Өмүрбек Бабанов парламенттеги мурдагы эки башкаруучу коалиция айрым саясатчылардын жана саясий топтордун кызыкчылыгына садага чабылып кетти деп эсептейт.

Мурдагы өкмөт башчы мындан ары да саясатта калып, элге кызмат кыларын айтып, жаңы өкмөттүн башталган реформаларды аягына чыгаруу аракеттерин колдоого аларын, ал үчүн өз күчүн аябастыгын да айтып кеткен.

Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кызматынан бошотуу тууралуу арызына президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду. Өмүрбек Бабанов премьер-министрликке өткөн жылдын соңунда “Биримдик” коалициясы аркылуу келген эле. Аталган коалиция курамындагы “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракцияларынын өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесинин натыйжасында 22-августта тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG